Жижиң деген эмне?
Likes: 0
Reports:0
203
Аялдардагы жижиң оорусу
Жаш балдар эле сийгектейт десеңиз, жаңылышасыз. Тирүү жан болгондон кийин бардык эле адамдар, өзгөчө аялдар заарасын кармай албай калат. Муну эл арасында жижиң деп коёт. Башка ооруларга салыштырмалуу кандайдыр бир оорутуу менен коштолбосо да адамдын күнүмдүк турмушуна көп эле тоскоолдук жараткан мындай оору тууралуу төмөнкү макалада кеңири маалымат берүүгө аракет жасадык.
Жижиң деген эмне?
Жижиң – заараны көзөмөлдөй албай калуу. Заараны кармай албоо көйгөйлөрү боюнча Улуттук ассоциациянын маалыматы боюнча, 25 миллиондон ашык америкалыктар убактылуу же өнөкөт заара кармай албоо илдети менен кыйналышат. Заараны кармай албай калуу ар кандай куракта болу...