Мурундун агуусун токтотуучу тамчылатмалардын коркунучу
Likes: 271
Reports:0
11771
Бүгүнкү күндө көптөгөн ата-энелер билбестиктен балдарына жана өздөрүнө Бебифрин, Галазолин, Нафтизин ж.б. ушуга окшогон коркунучтуу дарыларды колдонуп жатышат. Бул дарылардын зыян экенин эскертүү үчүн жана балдардын ден соолугун талкалап албооңуз үчүн макала даярдоого туура келди.
Урматтуу окурман, сөзүмдү баштардан мурда дароо эскерте кетейин:
Жаш балдардын мурду акканда, аны токтотом деп же балама жардам берем деп сөз болуп жаткан тамчылатмаларды колдонордо өтө этият болуңуз.
"Сактанганды Кудай сактайт" дегендей, төмөнкү көрсөтмөлөрдү билип алсак, мындай кооптуу абалдардын алдын алган болобуз:
1. Бир жашка чыкканга чейин баланын мурдуна тамчылатма колдонбоого аракет кылыңыз, деңиз суусунан башка бардык тамчылатмалар бала үчүн өтө кооптуу.
Ымыркай 1 жашка чыкканга чейин (ал тургай, эки жашка чейин), аларды таптакыр колдонбо...