"Балам тамак жебей жатат"
Likes: 133
Reports:0
9001
Азыркы учурда ушул суроо менен көп энелер кайрылышат. Негизи баланын тамак жегиси келбей, ынжыктап калуусуна таасир берүүчү факторлордун саны өтө көп.
Алардын эң негизгилери:
1. Ата-эненин шалаакылыгы себептүү баланын тамакка болгон кызыгуусу азайган;
2. Бала кандайдыр бир витаминдин же минералдын жетишсиздиги менен жабыркайт;
3. Көпчүлүк учурда эне баланын кошумча тамакка даяр экенин байкабай эмизип жүрө берет.
Жыйынтыгында убагында кошумча тамак берилбей баланын тамакка болгон кызыгуусу азайышы мүмкүн.
4. Аялдын кош бойлуу учурундагы тамактануусунун туура эместиги да балага терс таасирин тийгизет;
Ошондуктан кош бойлуу учурдагы тамактануу да өтө маанилүү.
5. Көпчүлүк апалар сүт чай, сок жана башка ушул сыяктуу шекер аралашкан нерселерди балдарына берип, аларды эптеп тынчтандыруунун аракетин жасашат. Мындай кадам да туура эмес.
Кыскасын айтканда, мындан башка таасир берүүчү факторлор да көп, бирок&...