Бала эмгенде кусуп салат, бул коркунучтуубу?
Likes: 70
Reports:0
5518
Эгер сиздин балаңыз эмген соң кусуп салып, бирок ойдогудай салмак кошуп жатса, анда мындай абал эч кандай коркунуч туудурбайт. Ашыкча кабатыр болуунун кереги жок.
А эгер төмөнкү симптомдор да болуп жаткан болсо, анда баланы дароо дарыгерге алып барууга туура келет:
1. Салмактын жетишсиз болуусу;
2. Сүтүн кускан соң же кусканга чейин жөтөлдүн болуусу;
3. Сүтүн кускан соң же кусканга чейин кыйналып дем алып жатса;
4. Кускан соң бала кыйналып ыйласа;
5. Кусуу менен денеге кызыл чыгып, ич өтүү же ич катуу менен коштолуп жатса;
6. Баланын кусундусу ак түстө эмес, жашыл же кан аралашкан болсо.
Анда дароо дарыгерге кайрылыңыз.
А эгер мындай коркунучтуу симптомдор жок болсо, анда кыжалат болуунун кереги жок. Бала бир жаштан өткөн соң кусуусун токтотот.
Мен сизге өзүм түзгөн уникалдуу автордук "Эне жана баланын ден соолугу" аттуу курсумду сунуштайм. Ал жакта айымдарга жана жаш балдарга тиешелүү ...