Орозо учурунда баш ооруса эмне кылыш керек?
Likes: 50
Reports:0
4595
Рамазан айынын алгачкы күндөрүндө көп адамдардын башы ооруп, шайы кетип, орозого көнө албай кыйналышат. Кээ бирлер чыдабай оозун да ачып салышат. Андыктан баш ооруну болтурбоо үчүн алдын ала даярданыңыз.
Орозо учурунда баш ооруга эмне себеп болот:
- организмге өнөкөт суунун жетишсиздиги;
- организмдеги глюкозанын деңгээлинин түшүүсү;
- кан басымынын төмөндөп кетүүсү;
- ачкалыктан кортизолдун көбөйүүсү;
- организмдин чарчоосу, кыйналуусу;
- организмдин тер аркылуу тузду сыртка чыгаруусу;
- орозо кармаган адамдын анемия менен жабыркоосу;
- кээ бир адамдарда кан басымынын көтөрүлүүсү орозо учурундагы баш оорунун себеби катары саналат.
Мындай абалга тушукпоо үчүн эмне кылуу керек?
1. Эң алгач өзүңүздө болгон өнөкөт ооруларыңыз тууралуу маалымат алыңыз;
2. Сизде анемия барбы же жокпу, кандын жалпы анализин тапшырып аныктаңыз;
3. Сөзсүз өнөкөт суунун жетишсиздигин жок кылыңыз;
...