Ич катуудан кантип кутулса болот?
Likes: 175
Reports:0
14415
Урматтуу ичи катып кыйналып жүргөн катталуучум. Бул макала сизге арналат.
Жакшылап окуп, айтылган кеңештерди аткарууну сунуштайм.
Ич катуу - адамдын организминен бөлүнүп чыккан калдыктын сыртка чыгуусунда кыйынчылыктын пайда болуусу.
Жумасына 3 эле жолу ажатканага барып, ал жакта көпкө чейин ыйынып, араң зорго заңды чыгарып жатсаңыз, анда сизде ич катуу бар (запор) .
Аялдар бул оору менен эркектерге караганда эки эсе көп жабыркайт.
Жылына 5 млндон ашык адам запор менен врачка кайрылат.
Доктор эмнеге ичим катып жатат?
Сиздин ичиңиздин катуусу төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн:
1. Тамак-аш сиңирүү системасы менен байланышкан себептер:
- туура эмес тамактануу;
- ичеги-карын оорулары;
- ичеги-карындын иштөө функциясын начарлатуучу дарылар (опиоиддер, антидепрессанттар, нейролептиктер, курамында темири көп дарылар, сийдирүүчү дарылар);
- Гришпрунга оорусу...