Баланын дене табын кантип туура түшүрүү керек?
Likes: 538
Reports:0
22478
Баланын дене табынын көтөрүлүшү анын иммунитет системасы иштеп жатат дегенди билдирет. Бала ысытма болуп жаткан учурда анын организминдеги инфекциялар жок кылынат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, баланын дене табы анын организминдеги коргоочу эң негизги факторлордон болуп эсептелет.
Бирок көп ата-энелер баланын дене табынын көтөрүлүшүнөн өтө катуу коркушат. Ошондуктан дене табы бир аз эле көтөрүлсө, дароо түшүрүүгө аракет жасашат. Мындай кылуу туура эмес, анткени ысытманы да түшүрө турган жана түшүрбөй турган өзүнүн убакыттары болот. Баланын денеси ысыса эле дароо дары берип, тескерисинче, ден соолугуна зыян тийгизип албоо керек.
Доктор, дене табын кантип туура өлчөө керек?
Акыркы учурда дене табын өлчөөчү заманбап термометрлер өтө көбөйүп кетти. Мисалы, балдардын маңдайына жабыштырыла турган наклейкалар, баланын денесине тийгизбей эле өлчөөчү жабдыктар ж.б. Бирок баланын дене табын өлчөөдө эң туура көрсөткөн термометр - бул электрондук термометр. Илгери биз к...