Баламдын башында суусу бар деди, эмне кылам?
Likes: 102
Reports:0
5686
Мага негизи ушул суроо өтө көп берилгендиктен бул тууралуу Түркияга практикага барганымда Medipol клиникасындагы профессорлордон сурагам.
Алардын жообу мындайча болду:
1. "Жаш балдардын башы өсүү процессинде болгондуктан кээ бир учурда өз өлчөмүнөн чоң болуп калышы мүмкүн. Нейросонография кылганда да суу бардай көрүнөт. Бирок баланын өсүүсү, көрүүсү, неврологиялык функцияларында начарлоо болбосо, балага эч кандай дарылоо сунушталбайт.
2. Ал эми гидроцефалия көпчүлүк учурда генетикалык жактан болот жана бала эненин ичинде жаткан кезинде эле аныктоого аракет жасайбыз" деп жооп беришкен.
3. Конкреттүү түрдө гидроцефалия деп диагноз койгон соң эндоскопиялык жол менен гана операция кылышат. Мындайча айтканда, эндоскоп менен баштын ичине кирип, өзүнчө суу агуучу тешикче пайда кылып коёт. Бул операциянын түрүн Кыргызстанда жасабаса керек.
Операциянын баасы орточо эсеп менен Medipol клинкасында 15000 $ тегереги. Баасы боюнча маалыматты Bookimed.com сайтына кирип, ошол жактан тактасаң...