Балдардын дизентериясынан коркушубуз керекпи?
Likes: 0
Reports:0
15
Жайкысын ичеги-карын инфекциялары менен жабыркагандар кескин көбөйөт. Анын бир нече себептери бар. Биринчиден, күн ысыган мезгилде микроб, бактериялар көбөйөт. Экинчиден, мөмө-жемиштерди чала жууп же таптакыр жуубай жеген учурлар арбыйт. Мындан улам ротавирус, дизентерия, аденовирус сыяктуу оорулар козголот. Бул макалада алардын бирин - дизентерия туурасында айтып берем.
Дизентерия (ата-энелерибиз «кир колдун оорусу» деп аташат) - бул эң биринчи кезекте жоон ичегинин ылдыйкы бөлүгүн жабыркатуучу ичеги инфекцияларынын тобу.
Козгогучка жараша дизентерия бактериалдык же амёбалуу болушу мүмкүн. Бактерияны Shigella тукумундагы энтеробактериялар козгойт. Ошондуктан оорунун бул түрүнүн экинчи аталышы – шигеллёз. Ал эми акыркысын Entamoeba histolytica протозойлору козгойт (оорунун экинчи аты - амебиаз). Бул өтө коркунучтуу жана бардык мите оорулардын арасында өлүмдүн саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээлеген түрү. Оорунун бул түрү Азиянын, Африканын, Борбордук жана Түштүк Американын ысык өлкөлөрүндө кездешет.
...