Ата-эненин баланын көзүнчө урушуусу - бул акмакчылык!
Likes: 156
Reports:0
5923
Көпчүлүк ата-энелер балдарынын оорусуна өздөрү себеп болушат.
Бала үчүн ата-эненин урушканы эң коркунучтуу, эң жагымсыз, ден соолугун талкалоочу нерсе экенин билесиздерби?
Кандайча ден соолукка өтө чоң зыянын тийгизет?
Ата-эне бири-бири менен кыйкырышып, урушуп жатканда баланын жүрөгүнүн согуусу тездеп, организминде кортизол аттуу гормон өтө көп өлчөмдө бөлүнүп чыгат. Бул баланын иммунитетин начарлатып, ар кандай оорулар менен ооруп калуусуна себеп болот.
Балдар эки жашка чыга электе эле ата-эненин жүрүм турумуна көңүл буруп баштайт.
- Эгер балаңардын ден соолугу начар болуусун кааласаңар;
- Балаңардын майып, оорукчан болуусун кааласаңар;
- Балаңардын мээси иштебеген, аракети жок адам болуп чыгуусун кааласаңар;
- Балаңардын тартынчаак, түнт, колунан эч нерсе келбеген бала болуусун кааласаңар;
- Балаңардын арак ичип, тамеки чегип, Аллахты тааныбай, жаман жолго түшүп кетүүсүн кааласаңар,