Паразиттер тууралуу жалган сөздөр
Likes: 172
Reports:0
7748
Бүгүнкү макалада мен сиздерге паразиттер тууралуу эл арасында тарап жүргөн сөздөр, ишенимдер жөнүндө айтып бермекчимин.
1. Курттар баланы дерматит кылат.
Бул сөз эч кандай чындыкка дал келбеген сөз. Себеби, атопикалык дерматит генетикалык жактан берилет. Ошондуктан, дерматит менен ооруган балдардын ичегисин тазалап, клизма кылуу - түркөйлүк!
2. Курттардын денеде кыймылдап жүргөнүн сезсең болот.
Бул сөз да эч кандай чындыкка дал келбейт. Бирок, психикалык жактан жабыркап висцералдык галлюцинация болсоңуз, анда сезишиңиз мүмкүн.
3. Ичеги-карындагы паразиттерди кан аркылуу эле билсе болот.
Бул сөз сизди акчага сындыргысы келген дарыгердин сөзү. Кымбат болгон ИФА, ПЦР тапшырат. Лямблиоздо, аскаридоздоздо, энтеробиоздо кандан анализ алуу түркөйлүк. Эгер токсакароз, токсоплазмоз, фасциолез же эхинококкоз болсо, анда бир жөн, себеби, бул абалдарда ИФА аркылуу да текшерүү сунушталат.
4. Эгер үйүндө итиң же мышыгың болсо, баарыңар профи...