Ветрянка тууралуу
Likes: 81
Reports:0
![](https://medlit.app/public/frontend/img/Vector (1).png)
![](https://medlit.app/public/frontend/img/s.png)
5045
Соңку кездери ветрянка боюнча мага көп ата-энелер кайрылышууда. Ооба, баланын кызарган денеси ар бир ата-энени тынчтандырбай койбойт. Эгер алар конкреттүү түрдө эмне кылууну билбесе, баласына зыян берип коёт.
Медициналык жактан сабатсыз ата-энелер баласын эч кандай дарылык касиети аныкталбаган "зелёнка" менен боёп салышат.
Ветрянка - герпес вирусунун 3 түрдүү себеби менен пайда болгон патологиялык процесс. Ал вирустун аты - Varicella.
Иммунитети жакшы жаш балдар үчүн бул оорунун эч кандай коркунучу жок. А бирок кийинки топтогулар үчүн кооптуу:
- иммунитети начар жаш балдар;
- чоң адамдар;
- Т клеткалык иммунитети алсыз бейтаптар (мисалы лимфоретикулярный рак менен ооругандар);
- гормон сайдырып жаткан бейтаптар;
- химиотерапия алып жаткан бейтаптар;
Бул оорунун эң негизги симптомдору бейтаптын дене табы көтөрүлүп, денесине кызыл нерселер чыгып кетет.
Жаш балдарды кантип дарылаш керек?<...