Өпкөнүн кырылдоосу
Likes: 163
Reports:0
6757
Өпкөнүн кырылдоосу дем алуу жолдоруна какырыктын толуп же чогулуп калгандыгынан улам пайда болот. Кыскача айтканда, дем алуу жолдорунда бош орундук аз болуп, абанын өтүүсү кыйындайт. Аба кысылып өткөн учурда кырылдаган добуш пайда болот.
Акыркы учурларда мындай абал көп адамдарда кездешип жаткандыгына өзүңүздөр да күбө болуп жатасыздар. Ошол себептен бүгүн өпкөнүн кырылдоосу темасын ачыктап, түшүнүк алабыз.
1. Өпкөнүн кырылдоосу – аускультацияда угулган добуштар. Шарт боюнча кырылдаган добуш чыкпоосу керек. Эгер кырылдаган добуш бар болсо, демек, бир көйгөй бар;
2. Өпкөнүн кырылдоосу какырык же бронхиолдор аркылуу абанын өтүшүнө байланыштуу болот.
Өпкөнүн кырылдоосу ар түрдүү болот:
- Кургак (азыраак, бийик, ышкырык);
- Нымдуу (майда көбүкчөлөр, чоң көбүктөр);