Какырык тууралуу чындык
Likes: 136
Reports:0
5489
Бул макала өтө актуалдуу, анткени биз какырыкка жийиркенүү менен карайбыз. Бирок, бүгүнкү макалада мен какырыктын дагы баалуулугун көрсөтүп, анын биз элестеткендей коркунучтуу эмес экендигин далилдеп бергим келип жатат.
Адегенде, "какырык" бул эмне экенин жана ал биздин организм үчүн кандай роль ойноорун билип алалы:
Бизде, дем алуу жолдорун дайыма нымдап туруучу суюктук болот. Бул биздин табиятыбыз, негизи ошондой болушу керек! Ал суюктук дем алуу жолдорун ар кандай микробдордон, бактериялардан жана инфекциялардан коргоо милдетин аткарат.
1. Биздин дем алуу жолдоруна вирус же бактерия чабуул койгондо суюктук көбүрөөк бөлүнүп баштайт. Коргонуу механизмибиз ушундай. Менде да ушундай, сизде да ушундай. Адатта, көп суюктук дароо эмес, бир нече күндөн кийин пайда болот.
Көбүнчө - адегенде мурун бүтөт жана кургак жөтөл пайда болот, андан кийин мурундан суу агып...