Ингаляция кылуу нормалары
Likes: 97
Reports:0
8831
Акыркы учурларда ата-энелер арасында, баланы небулайзер менен ингаляция кылуу популярдуу ыкма катары саналып келет.
Ооба, небулайзер менен ингаляция - керектүү учурда эң эффективдүү ыкма. Бирок тилекке каршы, кээ бир ата-энелер өз алдынча ар нерселерди небулайзерге куюп балдарына пайда эмес, зыян алып келген учурлар болуп жатат.
Небулайзердин жардамы менен ингаляция кайсы учурда жасалат?
Көбүнчө, дем алуу органдарынын ылдыйкы бөлүгү жабыркаганда жасалат (бронхтор, бронхиолдор, өпкө). Анткени, небулайзердин эң негизги максаты - дарыны өтө майдалап бронхторго, өпкөгө чейин жеткирип берүү.
Небулайзерге эң негизи көрсөтмөлөр:
- ХОБЛ;
- Бронхиалдык астма;
- Обструктивный бронхит.
Бул ооруларда бронх булчуңдары кысылып, абанын кирүүсүнө тоскоолдук жаратат. Мындай абал пайда болгонун билген врач, сизге небулайзердин жардамы менен ингаляция кылууну сунуштайт.
Небулайзерге бул нерселерди куюп ингаляция жасоого таптакыр болбойт:
- эфир м...