Нымдуу жөтөл тууралуу
Likes: 75
Reports:0
3654
Бронхтордон бөлүнүп чыккан шилекей нымдуу жөтөлдү пайда кылат.
Көпчүлүк адамдар какырык чыгып жатса деле мындан да жакшы чыгарышым керек деп дароо Амброксол, Бромгексинге чуркайт.
Кээ бир ата-энелер жаш балдарына дароо какырык чыгарат деп түрдүү сиропторду берип баштайт.
Урматтуу катталуучулар, эч качан 6 жашка чейинки балдарга какырык чыгарат деп түрдүү чөптөрдөн жасалган сиропторду бере бербеңиздер. Тескерисинче, суу көп берип, үйдү нымдуу кармап, массаж жасап какырыкты сыртка чыгаруусуна жардам бериңиздер. Сиропторду өз билемдик менен берүү, тескерисинче, пневмония оорусун пайда кылып алуу коркунучу бар.
Чоң адамдарга келе турган болсок, 90% учурда какырык өзү чыгат. Такыр эле чыгуусу кыйын болуп же илешкээк болуп жатса, анда Амброксол, Бромгексин кармаган каражаттарды колдонсо болот. Эгер аларга да болбой жатса, курамында Ацетилцистеин камтыган каражаттарды колдонууга туура келет. Бирок бул дарыларды ой-келди колдоно берүү туура эмес. Организмге жардам берип, жылуу суу кө...