Пневмонияны баладан кантип байкаса болот?
Likes: 171
Reports:0
9060
Белгилей кетчү нерсе, пневмониянын белгилери дароо байкала тургандай өтө жеңил эмес, айрыкча пневмониянын симптомдорун тумоонун симптомдорунан айырмалоо энеге эле эмес, врачка дагы маселе жаратат. Эч бир врач конкретүү бир белги менен баланын пневмониясы бар же жок экенин так айта албайт. Бирок, пневмония оорусунда көп кездешүүчү симптомдорду байкоо менен балага адекваттуу жардам көрсөтсө болот.
Бул макалада сиздерге пневмонияга тиешелүү айрым симптомдорду баяндап өтөм, эгерде ушул белгилерди балаңыздан байкасаңыз, анда дароо врачка кайрылууга туура келет.
⠀
1. Бактериялык инфекцияларда кездешүүчү симптомдор:
- баланын алсырап, уйкулуу болуусу;
- бала көздү карай албай калат;
- баланын тынчсыздануусу;
- суюктук ичүүдөн баш тартуусу;
- өзгөчө кыжырдануусу.
2. Баланын дененсинен муздак тер чыгып, оорусу жөтөл менен коштолот. Жөтөлгөндө какырык чыгышы мүмкүн, какырыгы жок да болушу мүмкүн. Температура 38ден жогору болот,...