Ингаляция үчүн гипертоникалык эритмени колдонуу
Likes: 83
Reports:0
3887
Азыркы учурда көпчүлүк ата-энелер билимсиздиктин айынан ар түрдүү нерселер менен балдарына жана өздөрүнө ингаляция кылууда. Алардын бири далилденген болсо, көпчүлүгү далилденген эмес же тескерисинче зыяндуу.
Окурмандардын суроосу менен бүгүн гипертоникалык эритмелер жөнүндө айтып берүүнү туура көрдүм.
Эритменин төмөнкүдөй түрлөрү бар:
- Изотоникалык (физиологиялык) эритме 0,9% - мурунду жууп, нымдоо үчүн оптималдуу.
- Гипертоникалык эритме бар, анын таасири натрий хлорид (NaCl) концентрациясынын өлчөмүнө байланыштуу болот. Бул эритменин эсебинен клеткалар арасындагы суюктук "осмос" мыйзамына ылайык, тартылып чыгарылат.
Көпчүлүк учурда биз физ.эритмени (физ.растворду) колдонуп көнүп калганбыз. Бүгүн болсо, ингаляция үчүн колдонулган гипертоникалык эритме жөнүндө сөз кылабыз. Жакшылап окуп, билип алууңуз өзүңүздүн жана жакындарыңыздын ден соолугу үчүн ашыкча болбойт.