Пневмониянын белгилери
Likes: 0
Reports:0
24
Мурзалиева Элиза, үй-бүлөлүк дарыгер
Ооруну ким гана сүйбөйт. Бардык адамдар чың ден соолукта өмүр сүргүсү келет. Бирок дайым эле оорубай жүрүү да мүмкүн эмес. Ооруп калган учурда жаныбыз кыйналганы аз келгенсип, башкаларга да көйгөй жаратып, бир топ акча кетет. Жумушка бара албай, үй-бүлөбүзгө кам көрө албай калабыз. Эң жаманы башка бирөөнүн бизге кам көрүүсүнө муктаж болуп калганыбыз. Ошондуктан оору өтүшүп кетпеши жана айрым оорулардын алдын алуу үчүн көп нерсе кылсак болот. Мына ошол оорулардын бири - пневмония. Бул оорунун алдын алуу үчүн жол бар. Эмесе, макаланы толук окуңуз.
Пневмония — бул бир же эки өпкөнүн аба баштыкчаларын сезгенткен инфекция. Аба баштыкчалары суюктукка же ириңге толуп, какырыкты же ириңдүү жөтөлдү чакырышы мүмкүн. Пневмония өмүргө коркунуч туудурат. Айрыкча ымыркайлар, жаш балдар, 65 жаштан ашкан адамдар жана ден соолугу же иммундук системасы начар адамдар үчүн өтө коркунучтуу. [1]