Бир жабышса, такыр кетпеген папиллома вирусу
Likes: 0
Reports:0
76
Дүйнө жүзү боюнча жыл сайын 700 000ден ашуун адам папиллома вирусунун (АПВ) себебинен ракка кабылат. Тилекке каршы, бул статистикада Кыргызстан дагы бар.
Бул илдет аныкталган адам убагында дарыланып, дарыгердин айтканын аткарса, жабыр тартпайт. Ал эми кайдыгер мамиле жасагандар вирустун кесепетинен ракка чалдыгып, түбү өлүмгө дуушар болушат. Бул макалада дал ошол папиллома вирусу тууралуу сөзсүз билишиңиз керек болгон маанилүү маалыматтар менен бөлүшөбүз.
Макаланы жакындарыңызга жөнөтүп кооптуу илдеттен кабардар кылыңыз.
АПВ (ВПЧ) инфекциясы деген эмне?
АПВ инфекциясы – адамдын папилломавирустук инфекциясы, адатта, теринин же былжыр челдин өсүшүн шарттайт. Адамд...