Кандидоз кандай оору?
Likes: 0
Reports:0
51
Негедир кандидозду көпчүлүк аялдар тоготушпайт, балким, анчейин кооптуу эмес деп ойлошобу? Чынында, убагында медициналык көзөмөл жана дарылоо болбосо, кандидоз өкүнүчтүү кесепеттердин себеби болуп калышы толук ыктымал. Бул тууралуу бүгүнкү макалада кенен түшүндүрмө берип, бул илдетке болгон оюңузду өзгөртүүгө аракет кылам.
Кандидоз деген эмге?
Кандидоз, ошондой эле молочница деп аталат. Candida albicans кычыткысынан келип чыккан кеңири таралган илдет. Candida albicans козу карындар сымал микроорганизмдер табигый түрдө териде жана денеде, мисалы, ооздо, тамакта, ичеги менен кындын ичинде эч кандай көйгөй жаратпастан жашайт. Бул микроорганизмдердин кындын ичинде көбөйүүсү инфекциянын өрчүүсүн шарттайт. (1)