Тамактан алган ларингит оорусу
Likes: 1
Reports:0
29
Суук түшүп, жамгырдын сезону башталары менен тамак оорулары козголо баштайт. Алардын катарында ларингит оорусу да бар. Бул кандай оору? Эмнеден келип чыгат? Кантип айыктырууга болот? Ушул жана башка суроолорго бул макаладан жооп таба аласыз.
Ларингит деген кандай оору?
Ларингит – үн байламталарынын инфекциясы, ашыкча чыңалуу менен пайда болгон үн байламталарынын былжырлуу кабыгынын сезгениши. Ларингитте бейтаптын тамагы кычышып, оозу кургайт, жөтөлөт. Кээде үнү кырылдап, шыбырга айланып, ал тургай убактылуу жоголуп кетиши мүмкүн.
Ларингит көбүнчө сасык тумоо, көк жөтөл же вирустук инфекциялар менен пайда болот. Дем алуу жолдорунун (бронхит) же өпкөнүн (пневмония) бактериялык инфекциялары да ларингитти пайда кылышы мүмкүн. Ошондой эле ларингит үн байламталары үн...