Лямблиозду дарылабаса, эмне болот?
Likes: 134
Reports:0
4804
Лямблиоз дүйнө жүзүндө кеңири таралган паразитардык оору болуп эсептелет. Бул оору менен жабыркаган көпчүлүк адамдар өз убагында дарыланбаса, түрдүү патологиялык абалдарга кабылып калуусу ыктымал.
Бул макалада сиздерге ушул лямблиоз оорусунан кийин пайда болгон кээ бир илдеттер жөнүндө айтып берем.
Лямблиоз оорусунун себебинен пайда болгон оор абалдарга төмөнкүлөр кирет:
1. Лактозанын сиңбей калышы
Жыйынтыгында адам сүт азыктарын такыр колдоно албай калат. Колдонсо эле ичи түйүлүп, ооруп, денелерине ар нерсе чыгып, өкүнүчтүү абалга кабылат. Бул абалдын пайда болуусуна лямблиянын ичеги-карынды талкалоосу себеп болот.
2. Өнөкөт диареянын пайда болуусу
Адам ар дайым ичи өтүп, тез-тез заңдап, салмак кошо албай кыйналып, организмдеги суунун деңгээли азайып, алсырап, эч нерсе кылгысы келбей, оор абалга кабылат. Кээде кайра-кайра ич өтүүдөн аналдык тешикче да жабыркап, ичеги-карындардын айрылуусу да кездешет.
3. Реинфе...