Бөрү жатыш эмнеден пайда болот?
Likes: 0
Reports:0
599
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына таянсак, планетанын ар бир төртүнчү жашоочусу бөрү жатыш оорусун баштан өткөрөт. Бул макалада кычыштырып, уйку бербеген бөрү жатыш оорусунун келип чыгышы, алгачкы белгилери, дарылоо ыкмалары боюнча маалымат берүүгө аракет кылам.
Крапивница же бөрү жатыш – бул кеңири таралган тери оорусу. Аллергиялык оорулардын түрүнө кирет. Тактап айтсам, кызарган теринин бетине кычыштыруучу ыйлаакчалар чыгат.
Ооруга ымыркайдан тартып кары кишилерге чейин кабылышат. Бул илдет менен адамдардын 25 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир жолу ооруйт. (1)
Эгерде бөрү жатыш тилдин же тамактын шишиги, дем алуунун кыйындашы же кан басымынын төмөндөшү менен коштолсо, анда анафилаксиядан шектенүү керек. Бул адамдын өмүрү үчүн өтө кооптуу абал. Бул учур...