Жанды жеген жыныстык инфекциялар
Likes: 2
Reports:0
44
Жыныстык жол менен жугуучу инфекцияларды жуктуруунун өзү канчалык кооптуу болсо, ооруну дарылатуудан уялып, качуу андан дагы кооптуу. Айрымдарда бул инфекциянын белгилери билинбегендиктен оорусу бар экенин билбеген эргулдар башкаларга инфекция жугузуп, секс өнөктөштөрүн да азапка салышы мүмкүн. Сифилис, гонорея, хламидиоз деген ооруларды уктуңуз беле? Бул инфекциялар тукумсуздукка алып келүүсү мүмкүн экенин билчү белеңиз? Бул суроолорго “жок” деп жооп бере турган болсоңуз, макаланы аягына чейин окуңуз.
Жыныстык жолдор менен жугуучу инфекциялардын түрлөрү
Жыныстык жол менен жугуучу инфекциялар (ЖЖЖИ) эң байыркы оорулардын бири болуп эсептелет. Белгилүү болгондой, 30дан ашык ар кандай бактериялар, вирустар жана мителер жыныстык жол менен, а...