Баласынын өнүгүүсүнө тынчсызданган апаларга арналат
Likes: 24
Reports:0
811
“Ар кимдики өзүнө, Ай көрүнөт көзүнө” дешет кыргызда. Деген менен, айрым апалар жакшынакай торолуп келе жаткан наристесин башка балдар менен салыштырып коймой адаты бар. “Кошунанын баласы 1 жашка чыга электе басып кетти, ал эми биздин бала баса элек” же “Гулянын баласы берген тамактын баарын жейт экен, менин балам эмчектен башканы билбейт” деп кыжалат боло баштайт. Ачыгын айтсам, кыжалат болууга эч кандай негиз жок. Анткени ар бир баланын физикалык өнүгүүсү индивидуалдуу.
Анда эмесе, 1 жашка чейинки ымыркайлардын физикалык өнүгүүсүн илимий изилдөөлөргө жана заманбап медицинанын маалыматтарына таянып талдап көрөлү.
Жашоонун биринчи жылы - бул интенсивдүү өсүү жана өнүгүү мезгили, анда туура кам көрүү жана колдоо маанилүү роль ойнойт. Сиздерге бул уникалдуу процессти жөнөкөй тил менен майдалап, түшүндүрүп берейин.