"Дюфастонду" колдонуу чын эле кооптуубу?
Likes: 87
Reports:0
4958
Салам, урматтуу MedLit тиркемесинин катталуучулары!
Бүгүн мен сиздерге өлкөбүздө өтө кеңири таралган кош бойлуулук учурундагы көрсөтмөсү жок жазылуучу препарат тууралуу сөз кылып бергим келди.
Өзүмдүн практикамда өтө көп аялдын Дюфастон (дидрогестерон) жана дагы башка прогестерон гормоналдык затын камтыган препараттары керексиз учурларда эле колдонуп жаткандарына күбө болдум. Ошондой эле мага бул препараттар тууралуу өтө көп суроолор берилгендиктен атайын ушул темада макала жазууну туура көрдүм.
Себеби биздин өлкөдө көп гинекологдор бейтапты толук кандуу изилдебей туруп мына ушул гормоналдык дарыны кош бойлуу аялдарга жаза беришет. Бул, албетте, өтө өкүнүчтүү.
Ошол себептен бул макалада мен сиздерге ушул Дюфастон аттуу препаратка тиешелүү төмөнкү суроолорго далилденген медицинанын негизинде жооп берейин:
1. Кош бойлуу учурда бул дарыны эмнеге жазышат?
2. Бул дарыны...