Аялдардагы “выделение” эмнеден кабар берет?
Likes: 5
Reports:0
1400
“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” демекчи, жатындан келген суюктуктар көпчүлүк айымдардын бейкапар жашоосун бузуп, тынчын алат. Суюктуктардын айрымдары олуттуу оорудан кабар бериши мүмкүн экенин билчү белеңиз? Алардан толук арылууга мүмкүнбү? Бул жана башка суроолорго төмөндө кененирээк токтолобуз.
Суюктук (выделение) деген эмне?
Кындагы суюктук лейкорея деп аталат, тагыраагы, кындын ичинен тунук же ак түстөгү суюктуктун агып чыгышы. Бул аялдардын репродуктивдүү системасынын маанилүү функциясы. Кындын, жатындын жана жатын моюнчасынын ичиндеги бездер күнү бою өлүк клеткаларды жана бактерияларды ташыган суюктукту чыгарат, муну ич кийимиңизден маал-маалы менен көрө аласыз. Бул кындын тазалыгын сактайт жана инфекциянын алдын алат.
Көпчүлүк учурда кындан сую...