Кош бойлуу учурда эмнеге фолий кычкылын ичүү маанилүү?
Likes: 582
Reports:0
22557
Витамин В9 же фолий кычкылы - кош бойлуу аял үчүн эң керектүү витамин.
Американын акушер-гинекологдор ассоциациясы фолий кычкылын ар бир аял ичүүгө милдеттүү деп эсептейт. Анткени, 12 жаштан жогору бардык аялзатынын тынымсыз фолий кычкылын кабыл алуусу ден соолугуна пайдалуу экени далилденген.
Ал эми биздин гинекологдор бул витаминди кош бойлуу гана аялдарга жазбаса, башка кыз-келиндерге сунуш деле кылышпайт.
Өлкөбүздө көпчүлүк аялдардын медициналык сабаты начар болгондуктан, бул витамин менен башы деле оорубайт. Ошол себептен, кыргыз кыз-келиндеринин организминде фолий кычкылынын жетишсиздигин байкоого болот.
Эгерде аял бул витаминди ичпей же тамак-аш аркылуу жетиштүү деңгээлде кабыл албаса, кош бойлуу болгондо аялдын өзүнө да, түйүлдүккө да кыйын болот.
Ошондуктан, бул витаминди эч качан унутпай, этек кири келип баштаган кыздардан баштап, улгайган аялдарга чейин 400мкг ичип жүрүүнү сунуштайм. Анткени, бул витамин аялзаты үчүн&n...