Аял үчүн эстрогендер маанилүүбү?
Likes: 78
Reports:0
2884
Эстрогендер - аял организминде эң маанилүү гормондордун катарын толуктайт. Эстрогендерге кийинки гормондор кирет: эстрадиол, эстриол жана эстрон.
Аялдык сапаттарга, үндүн ичке чыгуусуна ж.б. бардык аялдарга тиешелүү касиеттердин түптөлүшүнө мына ушул эстрогендер таасирин берет.
Доктор, эстрогендердин функциялары кандай?
1. Эстрогендер зат алмашуу процесстерине катышат;
2. Жатын эндометриясын калыңдатат;
3. Жатындын кеңейүүсүнө катышат;
4. Скин бездеринен кын суюктугунун бөлүнүп чыгуусуна таасир берет;
5. Аялдардын сөөктөрүнүн бекем болуусун шарттайт;
6. Кандын уюу системасына катышат;
7. Липиддердин айлануусуна катышат;
- ЛПВП (пайдалуу холестерин) санын көбөйтөт;
- ЛПНП( зыяндуу холестерин) санын азайтат.
8. Организмдеги суюктуктун деңгээлин кармап турат;
9. Ичеги-карындын моторикасын жайлатат;
10. Окситоциндин таасирин тездетет;
11. Овуляцияны жөнгө салат;
12. Сексуалдык каалоо...