Токсикоздо эмне кылам?
Likes: 55
Reports:0
4475
Ушул суроону акыркы учурларда кош бойлуу катталуучулар көп бере турган болду.
Ошондуктан сиздерге жөнөкөй тилде пайдалуу макала жазууну туура көрдүм.
Токсикоз - аялдардын кош бойлуу учурунун, биринчи үч айында кездешүүчү патологиялык процесси. Кош бойлуулуктун бул учурунда көпчүлүгүнүн башы ооруп, ашказаны чыгып кетейин деп кусушат. Кыскасы, аябай кыйналышат. Бул жагдайды токсикоз болгон аял гана билет.
Доктор, токсикоздун себептери эмне?
1. Өнөкөт суунун жетишсиздиги. Көп аялдар жана врачтар бул нерсеге таптакыр көңүл бурушпайт. Кош бойлуулуктун биринчи айында түйүлдүктүн клеткалары өтө активдүү түрдө пайда болгондуктан сууну өтө көп талап кылат. Ошондуктан эненин организмдеги суу түйүлдүккө кетип, эне суунун жетишсиздиги менен жабыркайт. Энеде суу жетишсиз болуп баштаганда эстрогендердин активдүүлүгү күчөп, гистамин да көп бөлүнүп чыгып, жыйынтыгында ушундай патологиялык процесс пайда болот.
2. Гестациондуу трофобластикалык оору - бул өтө коркунучтуу патологиялык процесс....