Этек кирдин жардамы менен 90% гинекологиялык ооруларды аныктаса болот
Likes: 583
Reports:0
16885
Аялдын этек кири анын ден соолугунун күзгүсү десем жаңылышпайм. Бирок, тилекке каршы, көп гинекологдор аялдын этек кирине анчейин көңүл бура беришпейт. Чындыгында этек кирге эле жеткиликтүү көңүл бурулса, 90% гинекологиялык ооруларды аныктаса болот.
Ооба, мен гинеколог эмесмин, бирок гинекологияны гинекологдон мыкты билишим керек деп өзүмө максат койгом. Ошондуктан гинекология жаатында өтө көп маалыматтарды окуп, терең изилдөөгө аракет кылуудамын. Менин максатым - келечектеги энелерге же азыркы тапта энелик милдетти аткарып жаткан айымдарга гинекологдор айтпаган маалыматтарды жеткирүү.
Анда кеттик!
Аялдын этек кирин тактаганда эң маанилүү болгон нерселер:
1. Этек кирдин келүү мөөнөтү;
2. Этек кир учурундагы оору;
3. Этек кир арасындагы мөөнөт;
4. Жалпы циклга көңүл буруу болуп эсептелет.
Эгер конкреттүү түрдө айта турган болсом, анда мындай:
&nb...