Целлюлит тажаттыбы?
Likes: 62
Reports:0
7081
Аялдар денеси бырыш-nырыш болуп май басып кеткенде "целлюлитим тажатты, эми эмне кылам?" деп сарсанаа болушат. А чындыгында алар целлюлит эмне экенин билишпейт.
Целлюлит - медицинада бул термин менен теринин май катмарынын сезгенүү процессине жолугуп, ириң пайда болуп, жабыркап кетүүсүн айтат. Целлюлит сиздер ойлоп жүргөндөй майлардын бырышып-тырышып калуусу эмес!
- Доктор, санымдагы, колумдагы бырышкан-тырышкан нерселер эмне анда?
Медицинада мындай косметикалык деффектти липодистрофия деп атайт. Мындай абал көпчүлүк учурда аял кишилерде кездешет жана эч кандай дарылоону талап кылбайт.
Ал көпчүлүк учурда семиз аялдарда кездешет, бирок арыктарда да пайда болуу ыктымалдуулугу жогору.
Мындай абалда теридеги адипоциттердин көлөмү чоңоюп кеткендиктен ал теринин жылмакайлыгын бузуп, бырыш-тырыш абалга келтирет.
- Доктор, бул процесс нормалдуу болсо да менин кыжырымды келтирип жатат, эми эмне кылам?
Негизи л...