Кош бойлуулардын кан басымы көтөрүлгөндө жарабай турган дарылар
Likes: 217
Reports:0
8502
Кош бойлуу аялдын организми түрдүү өзгөрүүүлөргө кабылгандыктан ар кандай оорулар да пайда болушу мүмкүн. Ошондой оорулардын бири - бул кош бойлуу убакта көтөрүлгөн кан тамырлардын басымы же кош бойлуу аялдардагы "гипертензия".
Көпчүлүк аялдар кош бойлуу учурда давлениясы көтөрүлсө, бул абалды "нормалдуу түрдө" кабыл алып, беймарал жүрө беришет.
А бирок, сиздер андай кылбаңыздар! Кош бойлуу учурда кан басым көтөрүлдүбү, дароо дарылоо иштерин баштоо керек. Бул өтө маанилүү, антпесе, эне жана бала ден соолугу үчүн өтө чоң зыян келип калышы мүмкүн. Ушул кан басымдын көтөрүлүп кетүүсүнүн айынан канчалаган энелер бул дүйнө менен кош айтышып кетти, канчалаган ымыркайлар бойдон түшүп калды?!
Биринчиден, кош бойлуу аялдардагы гипертензияны дарылоо да оңой иш эмес, кичине эле ката кетсе, аялдын боюнан түшүп калуу коркунучу жаралат. Ошондуктан кош бойлуу аялдардын кан басымын көзөмөлгө алууда өтө кылдат болуу керек.
Экинчиден, тилекке каршы, биздин өлкө...