Интерcтициалдык цистит
Likes: 136
Reports:0
10869
Цистит десе көпчүлүгү табарсыктын бактериялар себептүү жабыркоосу деп түшүнүшөт.
Бирок көпчүлүк учурда адамдарда кездешүүчү циститтин түрү интерстициалдык цистит болуп эсептелет.
Интерстициалдык цистит - инфекциясы жок эле табарсыктын сезгенип калуусу. Анда киндиктин асты ооруп, тез-тез бейшеп кылуусу жана сийдикти кармай албай калуусу пайда болот.
Циститтин бул түрү менен 90% аялдар оорушат. Ал эми интерстициалдык циститти чакырган эң негизги фактор дагы деле аныктала элек. Циститтин бул түрүндө уротелиалдык муцин жабыркоосу далилденген. Тагыраак айтканда, табарсыктын коргоочулары таптакыр коркок абалга келип, калий жана башка түрдүү заттарды табарсыкка киргизип жиберет. Анан оорутуу башталат.
Интерстициалдык циститти аныктоо үчүн цитоскопия деген изилдөө ишин жүргүзөт. Ошондой эле рактын жок экенин далилдөө үчүн биопсия да кылып коюуну сунуштайм.
- Доктор, циститтин бул түрүн далилденген медицинада кантип дарылайт?
1. Жа...