Төрөттөн кийин семирип кеткен аялдарга кеңештер
Likes: 760
Reports:0
23931
Бул тема энелер үчүн өтө маанилүү. Көпчүлүк энелер төрөттөн кийин пайда болгон ашыкча салмакты өтө начар патологиялык абал катары кабыл алып, өзүн күзгүдөн көрүп, денесин жек көрүп, психологиялык жактан жабыр тартып келишет.
Ооба, төрөттөн кийинки ашыкча салмак менен бардык эле аялдар жабыркай бербейт. Бирок, балалуу болууну пландабай эле удаа-удаа төрөгөндөр, эмчек эмизбегендер, кесарево жолу менен төрөгөн аялдар жана кош бойлуу учурунда сапатсыз жашоодо жашаган энелер, ушундай абалга көбүрөөк кабылышат.
Энелер кош бойлуу учурунда орто эсеп менен 7кг-12 кг чейин салмак кошушат, бул нормалдуу түрдөгү физиологиялык процесс. Ошондой эле, салмак кошуусу эненин салмагынын төрөткө чейинки абалынан да көз каранды.
Нормада төрөт учурунан кийин 1-2 ай өткөн соң, эненин салмагы мурунку калыбына келүүсү ке...