"Уйкусу канбаган адам семирип кетет" дегенге ишенесизби?
Likes: 15
Reports:0
793
Уйкусу канбаган адам семирип кетет дегенге ишенесизби? "Уйкум канбай, шишип жатам” деген адамдарды көрдүңүз беле? Ошондо адам аз уктаса да шишип, көп уктаса да шишип кетеби? Эмнеге шишийт? Келиңиз, бирге талдап көрөлү!
Уйку адамдын организминдеги зат алмашууда жана зат алмашууну жөнгө салууда маанилүү роль ойнойт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адам баласы ден соолукта болуп, бакубат жашоосу үчүн күнүнө 7 сааттан 9 саатка чейин уктоосу керек деген жыйынтыкка келген. (1) Уйкунун жетишсиздиги же бузулуусу зат алмашуунун бузулушуна алып келиши мүмкүн, бул сөзсүз ден соолукка терс таасирин тийгизет. (2) Бул макалада биз далилденген медицинанын жана илимий изилдөөлөрдүн негизинде уйку менен зат алмашуунун ортосундагы байланышты карап чыгабыз.