Оорутуу менен коштолгон айыз
Likes: 0
Reports:0
35
Менструалдык оору – этек кир келердин алдында жана келип жаткан учурдагы ичтин ылдый жагынын катуу оорутуусу. Бул этек кирдин эң көп кездешкен жана тажатма учурлары болуп саналат. Оорутуу этек кирдин алдында же келип жаткан мезгилде башталып, буга көптөгөн аялдар дайыма кабылышат. Оорутуу ар бир организмге жараша жеңилден башталып, абдан катуу оорутууга чейин барат [1].
Төмөндө дал ушул ооруга байланыштуу далилденген булактардын негизинде кеңири маалымат берүүгө аракет жасалды.
Дисменорея деген эмне?
Этек кирге байланыштуу оору дисменорея деп аталат. Этек кир келген аялдардын жарымынан көбү ай сайын 1-2 күн ооруйт. Оору, адатта, убактылуу жана жеңил болот, бирок айрым аялдар үчүн оору ушунчалык катуу болгондуктан айына бир нече күн кадимки иш-аракеттерди жасоого тоск...