Сийдиктеги кан!
Likes: 44
Reports:0
3691
Доктор, заарамдын кызыл түскө өзгөргөнүн байкадым.
"Бул эмне? Коркунучтуубу? Эмне кылуум керек?" деген суроолор сизде да болсо, анда паникага алдырбастан, төмөндөгү макаланы толук окуңуз.
Гематурия - бул заарадагы кан. Заараңыз ачык кызылдан кара күрөңгө чейин болушу мүмкүн.
Доктор, менде гематурия болсо, кандай белгилер жана симптомдор болушу мүмкүн?
- Титирөө;
- Жүрөк айлануу жана кусуу;
- Белдин, капталдардын оорушу же көгөрүп кетиши;
- Заара кылганда ооруу же ачышуу;
- Адаттагыдан көп заара чыгаруу же дароо заара кылуу керек болуусу;
- Заара кылгандан кийин кандын байкалуусу.
Гематурия эмнеден келип чыгат?
Гематуриянын себептери төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
- Заара чыгаруу жолдорунун инфекциясы;
- Бөйрөктөгү же табарсыктагы таштар;
- Шишиген простата;