"Эмизбейм, фигурам бузулат” деген энелерге арналат
Likes: 10
Reports:1
390
Бул макала “эмизбейм, фигурам бузулат” деген айымдарга арналат. Тилекке каршы, фигурасын баласынын ден соолугунан жогору койгон энелер дагы бар. Азыр заман ушундайбы же мурда да бар беле, айтор, баласын табигый эне сүтү менен азыктандыруунун ордуна дарыканаларда сатылган аралашмалар менен чоңойтом дегендер көбөйдү. Чынында, эмизүү эненин да, баланын да ден соолугуна жана бейпил жашоосуна таасир этүүчү эң маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Эмизүүнүн баланын өзүнө да, анын энесине да көптөгөн пайдасын тастыктаган илимий негиздер бар. Эмесе, эмизүүнүн пайдасы тууралуу далилденген медицинанын жана илимий изилдөөлөрдүн негизинде айтып берейин.
Эмчек сүтүнүн азыктык баалуулугу
Эмчек сүтү баланын дени сак өсүүсү жана өнүгүүсү үчүн зарыл болгон азыктардын оптималдуу айкалышын камтыйт. Ал антителолорго, ферменттерге, гормондорго жана башка биологиялык активдүү заттарга бай. Алар баланы инфекциялардан коргоого,&n...