Сасык тумоону антибиотиктер менен дарыласа болобу?
Likes: 0
Reports:0
24
Расмий маалыматтарга таянсак, дүйнө жүзүндө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп, анын 2 миллиону оорунун тереңдеп кетишинен улам көз жумат. Бул оору кандайча жугат? Сасык тумоонун белгилери жана алдын алуу тууралуу маалыматтарды назарыңыздарга сунам.
Сасык тумоо кандай оору?
Сасык тумоо — мурунга, тамакка жана кээде өпкөгө таасир этүүчү сасык тумоонун вирустарынан келип чыккан жугуштуу респиратордук оору. Бул жеңил же катуу ооруга алып келиши мүмкүн. Эгерде өтүшүп кетсе өмүрдү да алат.
Изилдөөлөргө таянсак, балдар сасык тумоого көбүрөөк чалдыгышса, ал эми курагы 65 жаштан өткөн адамдар сасык тумоого азыраак чалдыгышат. (1)