Терини кургатып, күйгүзгөн экзема тууралуу
Likes: 0
Reports:0
47
Бул оору бир эле учурда жыргатып да, ыйлатып да, уялтып да койгон оңбос оору. Оңбос дегеним, адамдар андан биротоло айыгып кетишпейт. Кычышканда тырмайсың да, жыргайсың. Анан эле ачыштырып, күйгүзүп, ыйлатат. Колуңдагы кызарган жаранын айынан батынып бирөө менен учурашкандан уяласың. Мындай жагымсыздык экзема деп аталат. Экзема оорусунун бир нече түрлөрү бар. Алардын ичинен эл арасында кеңири тараган дисгидротикалык экземага кененирээк токтололу.
Макаланы жакындарга жөнөтүп ыраазычылыгына ээ болуңуз.
Экзема - дерматиттин эң кеңири таралган түрү. Ал сезгенүү, кычышуу, кызаруу жана исиркектер менен мүнөздөлөт. Далилденген медицина экзема ар кандай себептерден, анын ичинде генетикалык жакындык, иммундук системанын бузулушу, чаң, үй жаныбарлары, химиялык заттар, ал...