Герпес ангинасы тууралуу
Likes: 83
Reports:0
4169
"Кайрадан ушул вирус! Кантип герпестен кутулуу керек?", "Баланы кантип толугу менен айыктыруу мүмкүн? Эмнени туура эмес кылып жатабыз?" деп бизге кайрылышат апалар.
Урматтуу катталуучулар, герпес вирусу чакырган ангина чынында эле өлкөбүздө өтө көп кездешет. Эң жаманы, бул вирустук ангинада көп ата-энелер билимсиздиктин айынан балдарына антибиотик беришет. Ошол себептен бул актуалдуу теманы сиздерге идеалдуу форматта баяндап кетүүнү туура көрдүм.
Макаланы өзүңүз эле окуп, кымпыйып отуруп албай башкаларга да бөлүшүүнү унутпаңыз. Сиз бирөөгө жакшылык кылсаңыз, Аллах сизге берекесин берет.
Анда кеттик!
Герпангина өзү кандай оору?
⠀
Балдардын герпес ангинасы - ашказан-ичеги трактында көбөйүүчү коксак энтеровирустары менен шартталат. Оозду ачып караганда, тамактын эки четинде, кекиртекке жетпей 2 тоголок шарикчени көрөсүз. Кээде мына ошол жердин кыз...