Балам кагаз жеп жатат, эмне кылам?
Likes: 47
Reports:0
.png)

2565
Эгерде сиздин балаңыз бир жашка чыга элек, кошумча тамакка эми өтүп жаткан болсо, анда оозуна кагазды салып, даамдап көрүү алар үчүн кызык болот. Себеби дүйнөнү эми таанып жаткан бала башка буюмдар менен катар кагазга да кызыгышы ыктымал. Баланын бул курагында анын тамак-ашка болгон табити, салмак кошуусу, активдүүлүгү маанилүү болуп эсептелет. Эгерде бул көрсөткүчтөрдүн бардыгы нормада болсо, анда кыжалат болуунун кереги жок, болгону кагазды карматпоого аракет кылыңыз.
Эгерде балаңыз акыл-эсине кирип, сиздин сөздү түшүнгөн, өз алдынча тамак жей алган куракта болсо, анда кийинки белгилерди байкаңыз:
1. Бала кагаздан тышкары дубалды да оюп жегенди жакшы көрөбү?
2. Баланын тамак-ашка болгон табити кандай?
3. Сиздин көзүңүзгө өтө арык көрүнбөйбү?
4. Кагаз жегени жакынкы учурда эле башталдыбы?
Эгерде бала дубалды оюп жесе, ал эми тамак-ашты ж...