Колика болуп жаткан балага жардам берүү
Likes: 0
Reports:0
41
«Баланын туулганына эмес, турганына сүйүн» демекчи, балалуу болгондон кийин балдарыбыз оорубай, дени сак чоңоюусун каалайбыз.
Наристе төрөлүп, бир аз торолуп ата-эненин кубанычында чек жок болуп жаткан учурда эле күтүлбөгөн жерден наристенин себепсиз ыйлоосу башталат.
Ымыркай буттарын курсагына кысып, кыйкыргандан бети кызарып, ичи чыңалып, катуу ыйлайт. Ошентип, жок дегенде жарым саат же бир күндө бир нече саат ыйлап, аягында баланын күчү түгөнүп, чарчап, уктап да калат. Эртеси баары кайра кайталанат.
Ата-эне наристе менен биргеликте кандай көмөк көрсөтөр айласын таппай, чарчашат.
Айрыкча биринчи жолу наристелүү болгондор баласына кошулуп ыйлаган дагы учурлар кездешет.
Колика
Колика - бул дени сак ымыркайдын тез-тез, узак убакытка созулган ымыркайдын ыйлоосу же чыргоолонушу. Ошол эле учурда көбүнчө колика ичегинин ишмердүүлүгүнүн нерв-булчуң жана гормоналдык жөнгө салынуусунун жетилбегендиги менен шартталган. (1)
...