Уйдун сүтү бала үчүн чын эле кооптуубу?
Likes: 246
Reports:0
8546
Биздин өлкөдө, айрыкча айыл жергелеринде уйдун сүтү жаш балдар үчүн эң негизги азыктардын бири болуп эсептелет.
Көп ата-энелер балама уйдун сүтүн берсем, болтоюп, жакшынакай болуп чоңоёт деп ойлошот. Айрымдары уйдун сүтүнөн баламдын бою тез өсүп, жакшы салмак кошуп, күчтүү болуп чоңоёт дешет.
Чын эле уйдун сүтү балага ушунчалык пайдалуу азыкпы?
Бул суроого конкреттүү түрдө далилденген медицинанын принциптери менен жооп берейин.
1. Уйдун сүтүндө кальций менен фосфордун деңгээли эненин сүтүндөгүдөн көбүрөөк болот. Тилекке каршы, андай көп өлчөмдөгү минералдарды сиңирүүгө баланын бөйрөгү жана тамак-аш сиңирүү системасы даяр эмес болот. Ошондуктан 1 жашка чейинки балдар үчүн уйдун сүтүн берүү өтө кооптуу.