Балама кальций берсем болобу?
Likes: 158
Reports:0
9702
Мага көп берилген суроолордун бири - "балама кальций берсем болобу?" деген суроо. Ооба, ар бир ата-эне баласынын күчтүү, узун бойлуу жана иммунитети мыкты болуп чоңоюусун каалайт. Алар мындай каалоолорун кальцийдин жардамы менен ишке ашырууга аракеттенишет. Ошондуктан ата-энелердин жасап жаткан бул кадамдары бала үчүн пайдалуубу же жокпу, ушул макалада баяндап берем. Бул пайдалуу макаланы башкаларга да бөлүшүүнү унутпаңыз.
Кальций деген эмне?
Кальций - биздин организм үчүн эң керек болгон минерал. Сөөктөрүбүздө 1 кг жакын кальций бар. Зат алмашуу процесси, иммунитет системасы жана гормондордун туура иштөөсү үчүн бул минералдын мааниси чоң.
Көпчүлүк учурда адам баласынын организминде бул минерал жетиштүү болот. Анткени биз тамак-аш аркылуу жеткиликтүү деңгээлде аны толуктап турабыз. Кальцийдин ашыкча болуп кетүүсү анын жетишсиздиги сыяктуу эле биз үчүн кооптуу.
Эми жогорку суроого токтоло турган болсок, эң алгач балаңызда кальций чын эле жетишсиз...