Чыгырык тууралуу чындык
Likes: 140
Reports:0
6642
Биздин өлкөдө ымыркайлар үчүн чыгарылган чыгырыктар (ходунокдор) өтө кеңири таралган. Ар бир экинчи ата-эне бул каражатты баласы үчүн атайын сатып берет.
Бирок, мындай чыгырыкка бала чындап муктажбы же жокпу, ага ата-энелердин башы да оорубайт. Далилденген медицинанын көз карашы менен чыгырыктар балага канчалык деңгээлде керек экенин ушул макалада талкуулайбыз.
⠀
Чыгырыктар алыскы 1953-жылы Англиянын аймагында алгач ирет сатыкка чыккан. 1970-жылдары АКШнын аймагында дөнгөлөк салынып, жакшыртылган чыгырыктардын жаңы версиясы чыга баштаган.
Бул жөө жүрүүчү жабдыктар балага караганда ата-энелерге көбүрөөк ыңгайлуулук жаратат. Себеби, ата-энелер баланы чыгырыкка салышат да, беймарал баласын таштап коюп, өз иши менен алектенип жүрө берет.
Ата-энелер жаман оюнда "балам чыгырыктан эч жакка кетпейт, жыгылбайт, мүдүрүлбөйт" деп ойлошот. Бирок, мындай жабдыктардан балдард...