Балдардагы темир жетишсиздиги - анемиянын белгиси
Likes: 0
Reports:0
41
Анемия оорусу дегенде көпчүлүк гемоглобиндин деңгээлинин аздыгын түшүнөт. Бул оорунун негизги себеби темирдин жетишсиздиги экендигин айрым дарыгерлер да бейтапка жеткиликтүү түшүндүрбөгөнү өкүнүчтүү. Мына ошондуктан анемия оорусу, темирдин жетишсиздигинин себептери, аны толуктоо ыкмалары тууралуу окурмандарга макала даярдоону туура көрдүм.
Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги ЮНИСЕФ, ФАО, ДПП, ДССУ, Чыгыш, Мерсико жана БДТ менен кызматташтыкта жүргүзгөн Кыргыз Республикасындагы микроэлементтердин жана антропометриянын улуттук комплекстүү изилдөөсүнө (Нимас) ылайык, кош бойлуу аялдардын 50%га жакыны аз кандуулук, 6 айдан 5 жашка чейинки балдардын 47%ы темир жетишсиздиги жана аялдар менен өспүрүм кыздардын 86%ы фолий кычкылынын жетишсиздиги менен жабыркайт [1].