Жаш балдардын коликасы тууралуу
Likes: 107
Reports:0
7432
Бизде эмнегедир колика десе эле дароо ичеги-карынды ойлошот. Жаш балдардын коликасына изилдөө жүргүзгөн окумуштуулардын сөзүнө кайрыла турган болсок, абал такыр башкача.
Колика - баланын себепсиз тынчсыздануусу, көп ыйлоосу.
Мындай абал көпчүлүк учурда баланын 1.5 айлыгында башталып, 3-4 айлык болгонго чейин уланат. Бала көпкө чейин токтобой ыйлай берсе аэрофагияга (ооз аркылуу абаны жутуп алуу) кабылат, натыйжада метеоризм жана ичтин көбүүсү келип чыгат.
Колика болуп жаткан балдар жакшы эмишет жана салмакты нормадагыдай кошушат.
Окумуштуулар ушул убакка чейин баланын ушул 1,5-4 айларында көп ыйлоосунун так, даана себебин аныктай албай келет.
Эң башкысы балада төмөнкү симптомдор болбосо кыжалат болуунун кереги жок:
1. Кусуу - күнүнө 4-5 жолу кусуп, кусундусу жашыл түстө жана кан аралашкан болбош керек;
2. Ич катуу же ич өтүү болбо...